Menu

Дэвид Бизли: “Дүйнө жүзү 2021-жылы акыркы 75 жылдагы эң ири гуманитардык кризиске туш болуу коркунучунда турат”

Бөлүшүү:

Дүйнө жүзү 2021-жылы акыркы 75 жылдагы эң ири гуманитардык кризиске туш болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдирди.

Маалыматка ылайык, Бизли акыркы төрт жылдагы куралдуу кагылышуулардан улам ачарчылыктын алдында турган адамдардын саны 80 миллиондон 135 миллионго чейин көбөйгөнүн билдирди. Бирок пандемиянын кесепетинен алардын саны 270 миллионго жеткен.

“Биз 19 триллион доллар сарптагандыктан, бул акча 2021-жылы болбошу мүмкүн жана болбойт. Экономикалык төмөндөө болуп жатат, муктаждыктар эки эсе көбөйдү”, – деп “РИА Новости” анын сөзүн келтирди.

Бирок, керектүү каражаттарды чогултууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, дүйнөлүк коомчулук гуманитардык кризистен чыгат, деди Бизли.

“Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн досторума жана лидерлериме айткандай, келерки жылы биз баардыгын каржылай албайбыз. Андыктан биз дестабилдештирүү, ачкачылык жана миграция маселелерин биринчи орунга коюшубуз керек”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: