Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.

«Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергообъектилердеги штаттан тышкаркы абалдарды болтурбоо чаралары, энергокомпанияларда «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу, электроэнергияны сатуу рыногун кеңейтүү, кошумча кубаттуулук резерви жана аймактык өнүктүрүү саясатынын алкагында бул жылы ишке киргизилген объектилер жөнүндө кеңири айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: