Тажикстандын Вахдат шаарынын Борбордук стадионунун жетекчилиги бир жылдан ашуун убакыттан бери кызматкерлерине маяна төлөп бере элек.
Стадиондун кызматкери Мухаббат Рахимованын айтымында, шаар акимчилиги аларга башка иш издөөнү сунуштаган.
«Кайда барабыз? Шаарда жумуш жок… Менин күйөөм оорукчан, менден башка иштеген киши жок. Мындай абалда кантип жашайбыз?».
Былтыр апрелден бери айлык төлөнбөгөндүктөн көптөгөн кызматкерлер жумуштан чыгып кетишкен, учурда стадиондо иш таппаган 11 гана киши калган.
Атын атагысы келбеген дагы бир кызматкердин айтымында, акыркы айларда стадиондо ири концерттер, майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. «Стадион дирекциясы концерттердин эсебинен аз эмес акча тапты. Борбордук стадиондо 25 миң орундук бар. Концерт үчүн билеттер 40тан 80 сомониге чейин сатылды. Эсептей бергиле: бир эле концерттен кассага 1,5 миллион сомониге (150 миң доллар) чейин акча түшкөн», – деди ал.
Вахдат шаарынын администрациясы бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Бул арада Вахдат шаарынын борбордук стадионунун директору Диловаршо Давлатшоев концерттен түшкөн акчанын баары шаар бюджетине жөнөтүлүп жатканын, буга байланыштуу кызматкерлерге акы төлөөдө маселе жаралганын билдирди.
Стадион 2017-жылы июнда ишке берилген. Аны курууга жергиликтүү бюджеттен 47 млн. сомони, республикалык бюджеттен 20 млн. сомони бөлүнгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ