Menu

Өлүм келет да минтип айтат: “Кеттик. Буюм-тайымдарыңды алба!”

Бөлүшүү:

Өлүм – бул күзгүнүн карартылган жагы, ансыз биз эчтекени көрмөк эмеспиз.

(Стефан Наперский)

Өлүм – күн менен жерди толук караңгылык басып калганы.

(Янина Ипохорская)

Өлүм – жагымсыз формалдуулук, бирок баардык талапкерлер кабыл алынат.

(Поль Клодель)

Өлүм келет да минтип айтат: “Кеттик. Буюм-тайымдарыңды алба!”

(Леонид Крайнов-Рытов)

Ар бир адам өлүмдөн коркот, бирок эч ким өлүк болгондон коркпойт.

(Роналд Арбатнотт Нокс)

Бүгүн өлгөн – коркунучтуу, качандыр бир кезде өлгөндөн коркпойбуз деле.

(В.Даль)

Жашоо менен өлүм дайыма жанаша жүрүшөт, бирок бири-бири жөнүндө эчтеке билишейт.

(Эмиль Кроткий)

Эгер биз өлүмдүн маанисин толук түшүнгөнүбүздө — ошол замат өлүп калмакпыз.

(Дени де Ружмон)

Биздин баарыбызды бирдей, окшош түн күтүп турат.

(Гораций)

Адам өлгөн кезде буюмдардын өмүрү өтө узак сезилип кетет.

(Джойс Килмер)

Бул жашоодон тирүү бойдон кеткен адам кандай бактылуу!

(Уильям  Клод Филдс)

Өлүм жөнүндө өлгөндөр гана жакшы айтып бере алышат.

(Лешек Кумор)

Өлүм эмне экенин атүгүл өлгөндөр да билишпейт.

(Рамон Гомес де ла Серна)

Өлүм жазасы кылмышкерди тиги дүйнөгө депортациялоо.

(Болеслав Пашковский)

Сократка “афиналыктар сени өлүмгө өкүм кылышты” деп айтышканда, ал “табигат алардын өзүн өлүмгө өкүм кылды” деп жооп берген.

(Диоген Лаэртский)

Башы жок киши гана даргадан коркпойт.

(Валериу Бутылеску)

Мен бул машина менен башыңызды кескен кезде сиз эчтекени сезбейсиз.

(Жозеф Гийотен, гильотин ушул кишинин атына коюлган)

Кылмышкерлерди өлтүрүү менен кылмышты жоюуга болобу? Жок, кайра көбөйөт.

(Блез Паскаль)

Башкесер киши жегич сыяктуу эле: экөө тең адамды жан багыш үчүн  өлтүрүшөт.

(Рамон Гомес де ла Серна)

Башкесер актанып, мындай дейт имиш: “Мен да оокат кылышым керек да”

(Хуго Штейнхаус)

Эгер өлүм жазасын алып салыш керек болсо, анда бул ишти киши өлтүргүчтөр биринчи болуп башташсын.

(Альфонс Карр)

Өлүп эле калсаңчы, Өлүм!

Жерге берүү зыйнатында гана өзүңдүн кандай жакшы адам экениңди билесиң.

Харакири жасап өлгөндөргө караганда, хачапури жеп өлгөндөр көбүрөөк.

Моргго 20 жыл эрте баргандан көрө, ишке 20 мүнөт кечигип барган жакшы.

Горизонталь – бул өлгөн вертикаль.

Кайгы – бул кичинекей өлүм.

(Сергей Федин)

Өлүм баарын өз ордуна коёт.

Кантип туулганың эсиңде жок. Эми кантип өлгөнүңдү да билбей каласың.

Өлүм жөнүндө ойлонбой эле кой. Сен жөнүндө өлүм ойлонсун. Анын кылаар жалгыз иши ошол.

Өлүмгө кулак төшө да, жашоону сүй.

Өлүм… Эгер тиги дүйнө жаман болгондо баргандардын баары кайра качып келишмек.

(Терентий Травник)

Өлбөстүктү баары эле эңсешет, бирок, ага ар ким ар кандай умтулат: бирөөлөр өлүмгө даярданса, дагы бирөөлөр жашоого тырмышышат.

(Виктор Нюхтилин)

Өлүмдү алыстан издештин кереги жок.

(Гай Петроний Арбитр)

Эгер сен жашоону жакшы көрсөң, убакытты бөөдө коротпо, себеби, жашоо убакыттан турат.

(Бенджамин Франклин)

Даярдаган Мамат Сабыров

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: