“Жогорку Кеңештин депутаттары ачык жолугушуусу керек. Онлайн форматында берүү керек”. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылышы керек.
“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жолугушуунун датасы жөнүндө депутаттардын коопсуздугу камсыз кылынганда айтууга болот деди. Азыр аларга тынымсыз коркутуулар болуп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ