Бишкекте мыйзамсыз ташылып келинген акциздик маркасы жок кальян тамекилери аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жүктүн жалпы салмагы — 4 миң 32 килограмм. Т.Т. аттуу айдоочунун «MAN26372» үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинасы токтотулуп текшерилген. Ал товар мыйзамдуу экенин тастыктаган тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес. Бул факт «Кылмыштардын жана жоруктардын» бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ