Menu

Фото – Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов Будапештте кыргыз диаспорасы менен жолукту

Бөлүшүү:

2-март күнү, Будапештте Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов Венгриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.

Элчи жолугушууга келген мекендештерибизге ыраазычылык билдирип, учурдагы эки тараптуу кыргыз-венгер мамилелеринин абалы, ал мамилелерди ѳнүктүрүүдѳгү Элчиликтин иш-аракеттери тууралуу айтып берди.

Диаспора өкүлдөрү Элчиге ѳздѳрүн кызыктырган суроолорду берип, жооп алышып, ошону менен бирге мекендештердин укуктарын коргоого багытталган ѳздѳрүнүн демилгелери жѳнүндѳ айтып беришти.

Бул жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо тууралуу, паспорттук-визалык тейлѳѳ жана нотариалдык иш-аракеттер жѳнүндѳ, келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жарандык, үй-бүлөлүк иштерине укуктук жардам берүү тууралуу, консулдук каттоого туруу жѳнүндѳ жана башка кѳптѳгѳн кеп кеңештер берилди.

Венгриядагы мекендештердин кѳпчүлүгү Будапешттин жогорку окуу жайларынын жаш студенттери болгондуктан, сапаттуу билим алышса, ѳздѳрүнүн билимдерин мындан ары да өздөштүрүп, келечекте Кыргызстан ѳнүгүп-ѳсүшү үчүн пайдасы тие турган жарандар болоору талашсыз. Бул контекстте Элчи Венгриянын жогорку окуу жайларынын студенттери – жаш Кыргызстандыктар, келечекте эки элдин ортосун маданий жактан байланыштырган, ошол жарандар Кыргызстандын жана Венгриянын ортосундагы ѳнѳктѳштүк алаканы кеңейтүүгѳ жана бекемдѳѳгѳ зор салымын кошоорун баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: