ЖКнын кезектеги жыйынында депутат М.Абдылдаев өткөндөгү I Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата 70-80 млн сом акча каражатына оңдолгон Чолпон-Атадагы ат майданын кимдин буйругу менен түрттүрүп салышканын билүү керек деген маселени койду. “Буга ким жооп берет? Бул деген мамлекеттин акчасы да. Ал кимдин демилгеси менен болгон. Кимдир бирөөлөр жооп бериш керек!” деди ал. Чынында эле мурдагы жылы олчойгон акчага оңдолгон Чолпон-Атадагы ат майданынын орду түбү менен түрттүрүп салып, кайра бүгүнкүдөй жаңысын курууга киришүү анык ысырапкерчилик эмеспи?!
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ