Menu

Бишкекте мыйзамсыз курулган дубал, чарба курулушу, тандыр түрттүрүлдү

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Троицкая көчөсү 47 дарегиндеги узундугу 10 метр мыйзамсыз курулуган  дубал, Кустанай көчөсү тарабындагы 1 х 7 метр  өлчөмүндөгү  чарба курулушу,12 чарчы метр тандыр түрттүрүлдү. Бул туурасында шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган объектилер тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык жерге курулган.

Жер тилкелеринин ээлерине мурда шаардык кызматтар тарабынан эскертүү берилген. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан аталган курулуштар түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.

Аталган чаралар Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын алкагында көрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: