Кыргызстанды жалгыз гана мен оңдой алам деп жүргөн доктор Апас менин ордумду басчы мураскерим жок деп кайгырбай койсо болот. Анткени, Алмазбек Атамбаев анын мураскерин аныктап койду. Медиктин ордун физик басат дегендей эле сез айтылды. Аны Нурлан Мотуевдин аялдарга кастинг жарыялаганы абдан кубандырыптыр. Бул тууралуу “Эми бирөө доктор Апасты алмаштырыш керек да. Бул жаштар үчүн чоң сабак болуп калышы керек. Эгерде саясаттан акча жасайм десен, бул үчүн жооп берүүгө туура келет. Чындык чыгып калат. Эмне демекчимин? Кыргызстанда ар кандай адамдар бар. Мотуевдин аялдарга кастинг жарыялаганы, мени абдан кубандырды” деп айтты Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ