Астана акиминин мурдагы орун басары, ишкер жана Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси Нурали Алиев өлкөнүн Альпинизм федерациясына жетекчи болду. Бул тууралуу 31-июлда жергиликтүү маадымат агенттиктери билдиришти.
Федерациянын сайтына мекеменин жаңы президенти дайындалгандыгы тууралуу билдирүү 27-июлда жарыяланган. Казакстан мамлекет башчысынын кызы Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев 2014-жылдын декабрынан бери Астана акиминин орун басары кызматын аркалап, 2016-жылы мартта жумуштан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган.
2016-жылы апрелде 32 жаштагы Нурали Алиевдин ысымы саясатчылар менен ишкерлердин оффшорлору тууралуу маалыматтарды камтыган «Панама архивдеринде» айтылган. Айрым өлкөлөрдө ал маалыматтардын жарыяланышы чоң жаңжалдарды чыгарып, жогорку кызматтагы адамдарды отставкага кетирген. Казакстан бийлиги болсо андагы маалыматтарга эч кандай реакция жасаган эмес. Анда өлкөнүн Башкы прокуратурасы «маалыматтардын булагы анык эмес болгондуктан» ал боюнча иликтөө иштерин баштоо демилгеленбегендигин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ