Menu

Рахмон: «Орусия Тажикстандын тышкы саясатында өзгөчө орунга ээ»

Бөлүшүү:

Тажик-орус мамилелеринин ырааттуу өнүгүшү өлкөнүн сырткы саясатында өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу 5-февралда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбеге иш сапар менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан маалда билдирди.

Тажик президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий интеграция, аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, мамлекеттик чек араларды коргоо, Ооганстандагы абал, тажик армиясын модернизациялоо өңдүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары тараптар Тажикстанда орус мектептерин ачуу жана аларга орусиялык мугалимдерди тартуу жана мигранттардын шарттарын жакшыртуу тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле тажик президентинин Орусияга пландалган сапарынын программасы талкууланды. Азырынча Эмомали Рахмондун сапарынын так күнү белгисиз.

Иш сапарынын алкагында Сергей Лавров тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: