Акыркы сутка ичинде Россияда 1459 адам таажывирус илдетин жуктуруп алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде таажывирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб билдиргенин массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган өлкөдө жалпы инфекциянын саны 10,1 миң кишиге жетти.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 521 миң адам таажывирус илдетин жуктуруп, 88,5 миң адам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ