Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевге карата “коррупция” беренесин “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” беренесине мыйзамсыз өзгөртүп, мунапыс берилген. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Айнуру Алтыбаева айтты.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн белгиледи. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарган. Мындан улам мунапыс колдонулган.
2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ