Menu

Видео – Мураталы Тагаев, Жалал-Абаддын мэри: “Жээнбековдорго мен куда эмесмин, биздин агаларыбыз куда. Ал эми мушташканда келинчегиме тийишкен эренге жооп бергем…”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн мэр болуп иштеген 1 жыл 2 айлык мөөнөтү боюнча журналисттерге маек берди. Биз сиздерге кыскартылган версиясын сунуш кылабыз.
-Сизди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кудасы, ошол кишинин артынан эле иштеп жүрөт деп көп кеп кылышат. Бул тууралу эмне айтар элеңиз?
-Мен Сооронбай Шариповичтин түздөн-түз кудасы эмесмин, ал кишилер менин агаларыма куда болушат. Мен өзүм Сооронбай Жээнбеков президент боло электе эле, 2012-жылдан тартып шаардык кеңеште депутат болуп келгем, ошондон баштап мен 3 жолу депутат болуп шайландым. 2012-жылы мен Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлангам, кийин экинчи жолу төрагалыкка шайландым. 10 жылдай мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мэрликке альтернативалуу түрдө шайлоого катышып, жеңип чыктым…
-Сизди 2004-жылы бейбаштык менен түрмөгө отуруп чыккан дешет?
-Бул боюнча бир тараптуу маалыматтар чыгып жатат. Мен танбайм, ал кезде мен Бишкек шаарында жашагам. Президенттин алдындагы баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик кызматта иштеп жүргөм. Мен жаш элем, келинчегим менен бир жерге эс алганы барып, келинчегимди кызганып, аны коргоп, ошондой окуяга туш болгом. Келинчегиме тийишкен эрен менен мушташып кайра жарашканбыз, кийин ал акырын барып, арыз жазып коюптур. Бул окуя 17 жыл мурун болгон, кийин соттуулугум жоюлуп, депутат болуп шайланып, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрөм. Калганын саясый оппоненттер апыртып жатышат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: