Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-ноябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -1…+4, күндүз: +6… +11,
Таласта түнкүсүн: 0…-5, күндүз: +5…+10,
Баткенде түнкүсүн: +2… +7, күндүз: +7…+12,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +7…+12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +7… +12,
Нарында түнкүсүн: -4…-9, күндүз: +6…+11,
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз: +8…+10.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ