Кечээ, 14-октябрда “Чалдыбар” көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары Казакстанга 10,2 миллион сомдук алтын зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылган адамды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, текшерүү пунктуна Казакстанды көздөй бара жаткан Mercedes Benz Sprinter унаасы токтотогон. Унааны текшерүү учурунда, чек арачылар унаанын айдоочунун салонунан (27 жаштагы И.А. аттуу кыргыз жараны) 3 килограмм 648 грамм алтын буюмдар салынган баштык табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ