Сыртта кычыраган кыш. Быйыл кыш ӨЗГӨЧӨ ызгаарын чачып туруп алды. Ак үйдө саясий оюндар да катуу күч алды.
Каралайым элди ойлогон бир жан жок. Электр энергия үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде караңгылык өкүм сүрүүдө. Депутаттар ушак-айың менен алек болууда. Жогорку Кеңеште ашып кетсе жыйырма депутат отурат. Калгандары кайда деп сураган киши жок. Мындай темп менен парламент алыска узабайт. Референдум өткөндөн кийин токтоосуз түрдө парламент отставкага кетиши керек. Муну биз эмес жалпы эл айтып жатат, элдин каалоосу ушундай.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ