Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ШКУ Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун Мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.

Эскертүү: 2001-жылдын 15-июнунда Шанхайда (КЭР) Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы тарабынан Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөндүгү жарыяланган. Ал туруктуу эл аралык уюм. Кызматташтыктын негизги багыттары экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында өз ара аракеттешүү, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларусь, Иран, Монголия.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: