Сууга чөгүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү Кант шаарындагы жеке медициналык клиникага алынып келинди. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө белгисиз эки адам Кант шаарындагы жеке медициналык клиникалардын бирине жаш баланы алып келишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт катталып, милиция кызматкерлери клиникага барып, анын өздүгүн аныкташкан. Ал 2017-жылы туулган М.Э. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, денесинде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн издер табылган эмес.
Тергөө учурунда баланын ата-энеси суракка алынган. Бул кырсык дешип, алардын кимдир-бирөөгө доо арызы жок болгондуктан, иш токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ