Бүгүн, 26-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык өкмөткө караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамыркулов кызматтан кетүү боюнча арызды өзү жазган.
Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп Таалайбек Жапаров дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ