Menu

Фото – Жогорку соттун төрайымы Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

5-февралда Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиеванын демилгеси менен Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын катышуусунда бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар жарандардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Гульбара Калиева өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу үчүн  судьялардын  жергиликтүү бийлик органдары жана муниципалдык органдары менен жапа тырмак иш алып баруусу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, кылмыштуулуктун, акыркы жылдары коомдо актуалдуу көйгөй жараткан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, никени жокко чыгаруу жана ата-энелик укуктардан ажыратуу иштерин азайтуу үчүн профилактикалык иштерди жана талдоо жүргүзүп, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана имамдар менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Судьялардын аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүп, алар менен байма-бай жолугушуп, биргелешип иштөөсү зарылдыгын белгиледи. Жарандык иштерди кароодо тараптарды жараштырууга үндөп, юридикалык жардам көрсөтүп, медиация кызматынын артыкчылыктарын элдерге жеткирүү маселесине токтолду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кеңири форматтагы жолугушуу уюштурганы үчүн төрайымга ыраазычылык билдиришип, кызматташууга кызыктар экенин айтышты.

Жыйындын соңунда Гульбара Калиева катышуучулардын иштерине ийгиликтерди каалап, сот тутуму менен бийлик органдарынын ортосундагы тыгыз мамиле өнүгүшү  зарылдыгын белгилеп, меймандарга катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: