Menu

Жогорку Сот экс-министр Молдомуса Конгантиевди толугу менен актады

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында Жогорку Сот мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин ишине акыркы чекитти койду.  Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда анын жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Жогорку Соттун коллегиясы прокуратуранын арызын карап, мурдагы инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 5-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди өзүнүн ишинде кылмыштын курамынын жоктугу үчүн актаган. Бишкек шаардык соту чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

Ага 2005-жылдагы март окуялары боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин”Шалаакылык” жана 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоочу Молдомуса Конгантиевди6 жылга эркинен ажыратууну жана 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салууну суранган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: