Menu

Дастандын жеңишин дагы алып коюштубу?

Бөлүшүү:

Россиянын Подольск шаарында кесипкөй кикбоксинг жана тай бокс боюнча Grand Prix Russia Open – Region 150 аттуу эл аралык чоң мелдеш болуп өттү. 71 килограмм салмак ченинде Дастан Шаршеев аттуу мушкерибиз мелдештин чемпиондук кемер куру үчүн орус мыкчыгери, аталган турнирдин үч жолку чемпиону Иван Семиглядов менен рингге чыккан. Биздин мушкер белгиленген үч бөлүктөн турган беттеште атаандашына байма-бай чабуул жасап, жандуу мушташ көргөзүп, мелдешти уткан менен оюн калыстары «ит жыгылыш» чечимин чыгарып салышкан. Экстра-раунд бөлүгүндө да Дастан Ванянын эсин оодарып, бир нече ирет кыл аркандын бурчуна такап алып токмоктогон менен мында «кара кылды как жарган калыстар» жеңишти биздин мушкер балабызга бербестен тең чыгуу чечимин чыгарып салышкан. GPRO – Region 15 0 чемпиондор кубогу тарыхында биринчи жолу ушундай жагдай катталды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: