«Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» чек арасында кол салгандардын бешөө колго түшкөн. Алардын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу Тажикстандын күч органдарынын маалыматына таянып жазды.
Алардын айтымында, колго түшкөндөрдүн бирөө өлтүрүлүп, төртөө камакта, үчөө аял киши. Алардын баары Согди облусунда төрөлгөн. Аттары: Малохат Хайдарова, Зулхумор Жумаева, Рахбар Бокиева, Хусейн Исломов жана атышууда каза болгон Шавкат Исломов. Буларга терроризм, адам өлтүрүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иши козголгон.
Эске сала кетсек, 5-ноябрдан 6-ноябрына караган түнү “Султанабад” чек ара отрядынын №4 “Ишкобод” чек арасында кол салуу болгон. Анда бет кап кийген жыйырмага жакын куралчан топ кирип барганда атышуу болуп, бир чек арачы менен милиционер көз жумган. Куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынып, бешөө колго түшүрүлгөн.
Анын эртеси, 6-ноябрдаТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсызданып, ал боюнча ой-пикирин билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ