Human Rights Watch укук коргоо уюму Сириядагы химиялык чабуул тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Сирия армиясы тарабынан химиялык курал колдонулгандыгынын жаңы далилдери келтирилген.
Укук коргоочулар тарабынан чакырылган эксперттер жарылуу болгон жердеги чуңкурлардын сүрөттөрүн изилдеп чыгышкан. Алардын пикиринде, шаарга зарин газы менен колдонула турган советтик өндүрүштөгү бомбалар ташталган. Баяндамада ошондой эле химиялык чабуулга күбө болгон адамдардын көрсөтмөлөрү да келтирилген. Укук коргоочулар Сирия президенти Башар Асаддын режими системалуу түрдө химиялык курал колдонгон деген тыянакка келишкен. Уюмдан Сирия бийлигинин аракетин адамзатка каршы жасалган кылмыш деп аташты.
Франс-Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, БУУнун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскердик кылмыштардын досьесин түзүп чыга турган атайын жумушчу топ түзүүдө. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн эл аралык сот органдарына далилдерди топтоого жардам бериши керек. Дамаск бул чечимди айыптап, аны өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.
4-апрелде сирия оппозициясы Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхунда ондогон адамдардын курман болгонун жарыялаган. Чабуулда нервди шал кылуучу газ колдонулган. Анда козголоңчулар менен батыш өлкөлөрү чабуул үчүн жоопкерчиликти Сирия армиясына жүктөшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ