Menu

АКШ кыргыз мигранттарын батыш идеологиясына суугарганы жатабы?

Бөлүшүү:

Орусия телеканалдарында “Кыргызстан коркунучта” – аталышында телеберүү “жарк” этти. Ага үңүлө турган болсок, АКШ баштаган батыштын дөөлөрү Кыргызстанда абал жакшы эместигинен пайдаланып, ар кандай күтүүсүз нерселерди жасоону пландап жатыптыр.

Чет жактарда, айрыкча Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн АКШ бул багытта тренингдерди өткөзүүгө ири каражат бөлгөнү айтылат.

“Орус адистеринин баамында, Америка тренингди шылтоо кылып, кыргыздарды Батыш идеологиясына тартып алууну көздөп жатат.

АКШ бийлиги Висконсин университетине 3 миллион доллар бөлүп берген. Бул каражатка окуу-жайдын илимпоздору Борбор Азиядагы абалды иликтеп чыгуусу зарыл. Долбоордун алкагында Орусияда эмгектенген же кайсы бир убакта иштеп кеткен кыргыз мигранттарына тренинг өткөрүлөт. Программага ылайык америкалык илимпоздор 6 жума боюу кыргыздар менен дүйнөдөгү саясий кырдаал жана кыргыздарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүшөт. Тренинг кыргыз жана орус тилдеринде өтөт. Висконсин университетинин социалогия профессору Теодор Гербер жана Борбор Азиядагы изилдөө борбору биригип, 6 топ түзүшөт. Ар биринде 18-49 жашка чейинки 10 катышуучу болот. Алар менен адамдын укугун коргоо даярдыгын өткөн адистер жумуш алпараары маалым”- деп айтылат “5news.kg” тараткан маалыматта.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: