Menu

Самат Курманкулов, Бишкек ШИИББ башчысы, милициянын полковниги: “Жеке өзүм МЕНТ деген терминди көтөрө албайм”

Бөлүшүү:

 

Бу жигиттин өзү гана эмес, турган-турпат, сөөгүнөн бери анык чүйлүк экени бир сүйлөшкөндө эле билинди. Баш калаанын орус мүнөз милиция башчысы менен кызматтык абалы, өткөн-кеткен, алдыңкы күндөрдөгү иш-планы боюнча баарлаштык. Бишкек ШИИББ башчысы алынын жетишинче жооп узатты. Аны алдыңарга жайып берип турган кербезибиз. Баса, Самат мырзага кесиптештери кандай каймана ат ыйгарып алышкандыгы менен жардамчыларынын өздүк курамдагы кесиптештерине болгон “жылуу маанайдагы” мамилелерин суроону эсимен чыгарып койгон экенмин. Андай маанайдагы соболдорума Самат мырза мындан аркы маектеринде “балп” этээр.

– Самат мырза, адатта Бишкек ШИИББ башчылыгына Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Суваналиев, Зарыл Рысалиев, Мелис Турганбаев, Кашкар Жунушалиевге окшогон “алчы-таасын, капталын жеген” генералдар тартылышчу эле. Анан эле 4 ай мурун коомчулукка мурда-кийин аты-жытыңыз белгисиз сизди алып келишти. Сизди кандай артыкчылыктарыңыз үчүн борбордук бийлик кызматка тартты? Же Кашкар Жунушалиевдин “кареги менен тең айланганы” үчүн эле карьералык секирик жасадыңызбы?

– Бишкек шаардык милициясын сиз мисал кылгандай тажрыйбалуу, эмгеги элге сиңирген адамдар жетектеп келгени жана мындан ары деле ушундай адистер жетектеп келери ырас. Мен бул кызматка кокусунан же орой айтканда, көчөдө жүрүп эле келип калган жокмун. Милицияда жыйырма жылга жакын эмгектенип келе жатам. Кылмыш иликтөө кызматын аркалап, нечендеген жылдар күндүн ысыгына күйүп, муздагына тоңуп, далай уюшулган кылмыш топторунун мүчөлөрү, өзүң айткандай “капталын жеген” кылмышкерлер менен бетме-бет алпурушуп, өтө оор кылмыштардын бетин ачып келгем. Бишкек шаарыбыздын аймагында кылмыштуулук менен дале да болсо күрөшүп келе жатабыз. Бул орунга келиш үчүн өзүңүз айткандай, коомчулукка мурда-кийин аты-жытым белгисиз болсо да иш үстүндө сиз айткан жогорудагы генералдар менен иштешип, ал кишилер ишимдин жыйынтыктарын жакшы билишет. Жыйырма жылдык иш үстүндөгү тажрыйбанын, үзүрлүү эмгегимдин натыйжаларынын негизинде электен өтүп, ушул орунга келип отурам.

– Быйыл күздөгү саясый абал адаттагыдан жандуу башталды. Мындай шартта бийликке каршы күчтөр баш калаада сөзсүз нааразычылык акциясын уюштурушары турган иш. Митингге чыккан карапайым элге карата Бишкек милициясынын мамилеси кандай болот? Болбогон шылтоолор менен алдын камап, коркутуп-үркүтүүгө барбайсыңарбы?

– Өлкөбүздө буга чейинки эки революция айрыкча Бишкек шаардык милициясы үчүн чоң сыноо болгону чын. Биз, милиция кызматкерлери саясатка такыр аралашпайбыз. Борбор шаарыбызда ар кандай акциялар, митингдер өтсө, коомдук коопсуздукту көзмөлдөө үчүн ар кандай чагымчылдыктарды алдын алуу максатында милиция андай жерлерге сөзсүз барат. Эң негизигиси, ошол өткөрүлүп жаткан ар кандай акциялардын, митингдердин катышуучулары мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаса, коомдук тартипти бузбаса, биз аларды жөн эле кармап кетүүгө укугубуз жок. Эгерде милиция тарабынан эскертүүлөргө баш ийбей, ар кандай тартип бузууларга барышса, анда мыйзам чегинде аларга карата чара көрүлөт.

– Күзгө карай Бишкек шаардык кеңешине карата бүйүр кызыткан шайлоо болгону турат. КСДПдан башка бийлик оппоненттери болгон партиялардын акча таратуу амалдарын ашкерелеп, башка саясый партияларга бут тосуулар күч органдары тарабынан болбойбу? Буга кандай жообуңуз бар?

– Биз ошол алдыда боло турган шайлоонун жакшы уюшулгандык менен өтүшүн камсыз кылабыз. Мен жогоруда айтып кетпедимби, милиция кызматкерлери саясатка такыр аралашпайбыз, ошого байланыштуу милиция тарабынан эч кимге бут тосуулар болбойт деп кепилдик бере алам.

– Коомчулукта Бишкек ШИИББ кызматы кызматтык трамплин катары келечектеги министрлерди даярдаган акжолтой орун катары белгилүү. Мындай мисалга жогорудагы мен атаган генералдар ИИМ жетекчилигине секирик жасашкандыгы толук факт боло алат. Айтыңызчы, сиз дагы келечекте бул орундан министр болуп кетүүгө тымызын тилек кылып жатасызбы?

– Коомчулукта ушундай түшүнүк бар. 2010-жылдан тарта ушул шаардык милициясын жетектеп туруп, үч жетекчи министр болуп кеткендиги чын. Менин милдетим – алдыма коюлган тапшырманы так аткаруу. Бишкек шаардык милициянын жетекчиси болуп отургандан бери мага болгон ишеничти актоонун аракеттерин көрүп жатам.

– Миллиондон ашык калкы бар баш калаада айрым “кызыл шапкечендердин” ишиндеги “итчилигинен” жабыркаган жарандар жок эмес. Мындай катмардагы карапайым шаар тургундары сизге түз кириши кыйын да. Андыктан, Ош базары болобу же автобекет, ооруканада болобу, карапайым элге капысынан бара калып аралашып, шаардыктардын милицияга болгон “муш кезөөсүн” укканга мүмкүнчүлүгүңүз жетип жатабы?

– Милициянын катарында “кой терисин жамынган карышкырлар” деле бар. Аны танбайбыз. Ошондой колу, оюу таза эмес милиция кызматкерлеринен жабыркаган жарандар жок деп айталбайм. Мен көкүрөк кагып мактангандай болбоюн, ушундай жат көрүнүштөрдү болтурбоо максатында өздүк курам менен иштеген башкармалыктагы жана райондук милициянын башчысынын орун басарларына, мындай жат көрүнүштөрдөн алыс болушсун деп ар дайым эскертүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эгер жогоруда айтылгандай, милициядан жабыркагандар болсо, кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, канчалык күнөөсү далилденсе, ички иштер органдарынан кетирүүгө чейин барып жатабыз. Себеби, мындай кызматкерлерден арылсак, башкаларга сабак болуп, арабыз тазарат деген ойдомун. Андан тышкары, окурмандарга билдирип кетейин, мен ар жуманын шаршемби күндөрү саат 17:00дөн баштап элди кабыл алып турам. Шаардык милиция кызматкерлеринин кызматтык иштери тууралуу же болбосо кылган кылык-жоруктары тууралуу маалыматыңар болсо, мен сиздерди кабыл алып, угууга даярмын.

– Адатта, “кызыл шапкечендердин” башчыларына Акүй менен Көкүйдөн милициядагы ага-тууган, дос-тааныш, куда-сөөгүнө кызмат сураган чиновниктер болорун сиз деле жокко чыгара албайсыз. Өзүңүз да мага “баардык иште ачыкмын” дебедиңизби? Кайсы чиновник сизге чалып кызмат сураганын ачык айтканга эркиңиз жетеби?

– Менин бул кызматка толук кандуу бекип, ишке келгениме болгону бир жарым ай болду. Телефон чалып, “бул инимди же карындашымды бир жакшы иштеген профессионал кызматкерлердин жанына кошуп койчу” деп сурангандар бар. Мунун баардыгын мыйзам чегинде караштырып, иштеген ишине, тажрыйбасына карап кадрлар бөлүмүнө жиберип, чечим кылабыз.

– Коомчулук силердин кызматтагы кесиптештериңерди алмустактан бери “МЕНТ” деп “эркелетип” алышкан. Бул сөздүн жандырмагын сиз кандай чечмелээр элеңиз? 

– Жеке өзүм “МЕНТ” деген сөздү көтөрө албайм. “МЕНТ” деген сөздү менин угушумча, “алчы-таасын, капталын жеген” кылмышкерлер жана эркинен ажырап, жазасын аткарып жүргөн жарандар ойлоп тапкан деп жүрүшөт. Айрым бир тил боюнча эмгектенген орус окумуштуулардын айтуусунда, орустун “мыйзамдагы уурулары” польшалык “мыйзамдагы уурулардан” ХХ кылымдын башында “МЕНТ” деген сөздү үйрөнүшүптүр. Польша тилинде “МЕНТ” деген сөз полицияны же болбосо түрмөдөгү көзөмөлчү кызматкерди түшүндүрөт экен. Жаманбы-жакшыбы милиция кызматкерлеринин арасында кылмыштуулук менен күрөшүп жүрүшүп, террористерге каршылык көрсөтүп жатып, 2010-жылдары Ошто болгон эки улуттун арасында жаңжал чыккан кезде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер аз эмес. Ошондой кыйын кезеңдерде милиция кызматкерлеринин арасында канча деген баатырлар өз жандарын канжыгага байлап алышып, эки элдин ортосуна түшүп, ынтымакка чакырышып, нечен тобокелдерге барышып, эки элди элдештирүү менен эрдиктерди жаратышып, президентибиздин колунан “Эрдик” медалдарын алышкандардын саны аз эмес.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: