Menu

Чек арадагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулбайт

Бөлүшүү:

Парламент кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйын курбай турганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтуусунда, кечээ спикер, фракция лидерлери жана бир катар депутаттар өкмөт башчы Темир Сариев менен Жалал-Абад облусундагы соңку кырдаалды талкууга алышты. Абалды ого бетер курчутпоо үчүн парламенттин жалпы кезексиз жыйыны өтпөй турган болду.
“Бирок, эл өкүлдөрү кырдаалга дыкат көз салууда”,-деп кошумчалады Ибраим Нуракун уулу.Буга чейин оппозиция Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чогулуп, чек арада түзүлгөн кырдаалды талкуулоого чакырган.

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: