Жантөрө Сатыбалдиев өзүн аябай акылдуу сезгенин баардыгыбыз жакшы билебиз да. Чын эле, ал «акылдуу» экенин кимибиз тана алабыз? Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдердин бийлиги учурунда майлуу-сүттүү жерлерде иштеп, аябай көп «акыл» топтогон да. Өзү дагы бирөөгө акыл айтканды жакшы көрчү адам. Кечээ күнү ага Алтынбек Сулайманов парламентте эң туура айтты. Ал “Урматтуу Жантөрө Жолдошевич, сиз кызматта турганыңызда, кызматтан кетсеңиз да депутаттарга акыл үйрөтүп келатасыз. Токтотуңуз акыл үйрөткөндү” деди. Качанга чейин акыл үйрөтө берет эле, жооп бере турган учур келди го! Жооп берсин да…
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ