Философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун, азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин жана Ислам институтунун ректору Абдышүкүр Нарматовдун билимин текшерүүнү сунуштады. Анын айтымында, алар диний билимдин негизинде эле светтик жогорку окуу жайлардан диплом алышкан. Ага мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу Гүлзат Аалиева: юстиция министри Уран Ахметовдун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын атына кат жолдоп Чубак ажы Жалилов, Максат ажы Токтомушев жана Абдышүкүр Нарматовдун билимин текшерүүнү суранган. Дин иштери боюнча комиссия булардын дипломдору боюнча маалымат бере албастыгын айтып жооп кайтарды. “Бул туура эмес. Ар бир жаран мисалы президент кайда окугандыгын билүүгө укуктуу» -дейт ал.
Эске салсак, маалымат булактарында Чубак ажы Жалилов 1996-жылы Кыргыз ислам унверситетин аяктайт. 2002-жылы Сауд Аравиянын Умм ал-Кура эл аралык университетин бүтүрөт. Диний аалымдын светтик билими боюнча маалымат жок.
Максат ажы Токтомушев 1995-жылы Ош айыл-чарба институтун, андан кийин 2010-жылы «ислам экономикасы жана банк иши» адистигине ээ болот. 1996-2005-жылдары Пакистанда «ислам мыйзамдары» тармагында билим алган.
Абдышүкүр Нарматов 1993-жылы Ташкенттеги Имам-Бухара университетин, 2000-жылы Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүрөт. 2010-жылы Ош мамлекеттик университетинде юриспруденция жаатында магистр даражасына ээ болот.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ