Menu

Ааламды багынткан Алма

Бөлүшүү:

Техника күн санап саатына өсүп жаткан учурда ар кандай техникалык компаниялардын да атаандашы күчөбөй койбойт эмеспи. Дүйнө жүзүн кызыктырган Apple компаниясы тууралуу билгиңиз келеби…?

Apple компониясынын тарыхы мындан 30 жыл мурда башталган. Анда Стив Джобс жана Стив Возник аттуу эки дос өздөрүнүн менчик компь­ютер компаниясын ачуу максатын көздөшкөн. Ошентип, официалдуу түрдө Apple компаниясы 1976-жылдын

1-апрелинде иштеп баштаган. Натыйжада, өндүрүштө Apple Computer 1- энелик платасында корпусу жок сатыкка чыгат, 10 ай ичинде 175 штук 666,66 долларга сатылган. Кийин 1977- жылы февраль айында Apple компанясынын президенти болуп Майкл Скотт дайындалат. Ошол учурда apple Computer 2-биринчи түстүү графикасы менен өзгөчөлөнгөн. Кийинчерээк үн аппаратурасы дыкат иштелип чыга баштайт, ыңгайлуу клавиатура жана динамик, о.э оперативдүү элестөөлөр, дисплей ж.б кайрадан оңдолуп чыгат. Ошол кезде азыркы бардык дүйнө жүзүнө таанымал болгон логотип т.а ар кандай түстөгү алма, Regis McKenna рекламалык агенттиги тарабынан сунушталат. Ошентип, 1978-79-жылдардан тарта Apple компаниясынын кызматкерлери тарабынан көптөгөн системалар ойлонуп табылып, компаниянын сапатынын өнүгүшүнө болуп көрбөгөндөй зор эмгектерин жумшашкан.

Кызыктуу факт: Apple компаниясы күлкү күнүндө түптөлгөнүнүн өзү эле кызык эмеспи. Ал эми баарынан кызыгы бул компанияда 35 000 кызматкер эмгектенсе, дүйнө боюнча биринчилерден болуп чычканды жана трекпадды дал ушул компания ачкан. Apple.com дүйнөдөгү эң белгилүү 50 веб-сайттын катарына кирет. Ал эми компьютердин маркалары көбүнчө компанияда иштеген кызматкерлердин кыздарынын      ысымынан

коюлган. Ал эми планшет, смартфондорго келсек, Samsung компаниясы менен атаандаш болуп чыга келет. Бирок элдердин дегеле коомчулуктун тандоосу iPhone жана

iPad экени белгилүү. Apple компаниясы америкалык корпарация болгондуктан, өндүрүштө продукциялары өтө эле өтүмдүү. Мисалы: персаналдык жана планшеттик компьютерлер, уюлдук телефондор, аудиплеер ж.б Ал эми өздүк капиталы 2016-жылы 128,249 млрдды түзсө, 2017-жылы 850 млрдды түзгөн.

Гүлзина Каныбекова

Булак: Ачык саясат 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: