Бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген, болгону «Аврора» пансионатынын жетекчилик кызматынан өкмөттүн Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары карьералык жүрүш жасаган Асхат Акибаевден эмнени үмүт кылабыз?
Баса, былтыркы «Көчмөндөр оюнун» уюштурууда мыйзамсыз иштерге жол бергени чынбы? Ал эми «Аврорада» иштеп жүргөндө Акибаев шектүү иштери менен текшерүү-сурактан башы чыкчу эмес эле. Табиятынан бу жигит коммерцияга жакын экенин билебиз. Эми бир облустун кызыкчылыгын жең ичинен соодага айландырып жибербейби?..
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ