Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Өлүмүш болгон ПРЕЗИДЕНТТИК ИНСТИТУТТУН “хандык” канат-куйруктарын, полномочиелерин кесиш керек!”

Бөлүшүү:

“БИЗДИКИЛЕР” ЖЕҢЕТ…
Өлкөбүздө күнүгө канча бир адам кандайдыр бир жумушка орношот, канча бир адам жумуштан ар кыл себеп менен кетет, анын сыңары менин борбордогу бир жеке телекомпаниядан жумуштан кеткеним – гөртирликтеги ар пенденин турмушунда кездешчү кадыресе эле нерсе. Кырдаалга жараша ар адам өзүнүн табитине жаккан, колунан келген ишине иштейт, жакпаса башка иш караштырып, башка жумушка өтөт дегендей… Бу жагынан алганда менин НТСтен кеткеним – төшү менен дзот тоскон шумдук эрдик да эмес, асман айга секирип бет тытып ыйлай турган трагедия да эмес. Канча кылымдап чыгып келаткан күн чыгып, кайра бата берет, тирүү жандын баарысы өзүнө буюрган ырыскыны жеп күн кечиргенин уланта берет.
БИРОК,.. айтып койчу “иттин өлүгү” таптакыр башкада…
Жумуштан эмнеге кеткенимди бириндетип саймедиреп, “…телекомпаниянын деректирине жолуксам минтти, баш редактору тигинтти, чоң кожоюну болсо моминтти …” деп НТСтен иштен кантип кеткенимдин аки-чүкүсүнө токтолбой эле коеюн, анткени кептин баары аларда эмес. Эркине койсо аларың деле жеке телевидениенин аброюн көтөрүүнүн бар аргасын кылып, эч кимге көз каранды болбой, курч, өзөктүү, талылуу маселелерди эфирине алып чыгып, менмин деген курч журналисттерди ишке тартып, өз телекомпаниясынын рейтингин өстүрүүгө кызыкдар акылдуу, эстүү-баштуу эле кишилер. Алагушту атынан айта турган болсом, мен 17 жылдык теле тажрыйбамда эки “революцияны” баштан өткөрүп, бирок эки “революциячыл” бийликтин тушунда тең сырты өзгөрүп, ички мазмуну такыр өзгөрбөгөн мамлекеттик бюджеттен каржыланган КТР жана ЭЛТР каналында иштеп көрдүм. Мамлекеттик саясатты сындап отуруп акыры бийлик өкүмзордук менен тартып алган КООРТ (азыркы 5-канал) жана Ош ТВ жеке каналдарында да иштеп көрдүм. А түгүл кайсы бир жылы спикер Өмүрбек Чиркешовичтин кээде “цензордук фильтринен” өтүп турчу парламенттик көрсөтүүнү алып барып, Жогорку кеңеште да иштеп калдым. Муну менен эмнени айтайын деп жатам? Жогорудагы телевидениенин бардык “тибинде” (мамлекеттикпи, жекеби, же парламенттикпи ж.б.) тигил же бул “кожоюндардын” жеке табити, кээде цензордук каалоосу болуп келген жана ал тенденция тилекке каршы азыр деле жоголо элек. Ошондуктан, башымдан өткөргөн теле “эркиндиктердин” баарын бирин өйдө, бирин ылдый койбой, эркиндик деген абстракттуу түшүнүктү жеке өзүмдүн табитиме гана байлабай, тигил же бул телеканалды “мына момундай болсо гана эркин болмок” деп бүтүм чыгарбай, ток этер жагдайды айтайын.
Акаев, Бакиевдин тушунда Ак Үй мамлекеттик каналдарды, а түгүл эркин болумуш болгон жеке телеканалдарды кандай чүлүктөп келген болсо азыр ал “ит оору” күчөсө күчөдү, бирок азая элек. Ооба, Акаевдин маалында да ошентилчү, Бакиевдин маалында да ошентилди, эми Атамбаевдин маалында да ошентилип атканы чын. Кайсы гана бийлик болбосун мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген журналисттер, башкы редакторлор, башкы директорлор, анын орун басарлары ак үйдөгү “тапшырма бергич” Осмонакундар, Фариддер, Шакиевдер, Абдилдер, Малеванаялардын “улуу урматтуу шептен” алган тапшырмаларынын, ошол тапшырмалардан кийинки чалынган ботконун курмандыктары болуп келе жатканын моюндасак туура болобу? Жок, анча туура эмесирээк. Ошондо күнөө кимде болуп калат, тээ жогор жактагы “башкы шептеби” же берактагы орто, майда, өтө майда аткаруучулардабы? Менимче, иттин өлүгүнүн баары – улуу урматтуу президенттин абийиринде, мен буга бөркүмдөй ишенем.
Анда эмне кылыш керек? Менин жеке оюмча, аз айлык менен кумурскадай тытынып иштеп жаткан байкуш журналисттерди, башкы редакторлорду, башкы директорлорду, анын орун басарларын, Осмонакундарды, Фариддерди, Шакиевдерди,Абдилдерди, Малеванаяларды … элге жаманатты көрсөтүп, өзү өлүмүш болгон ПРЕЗИДЕНТТИК ИНСТИТУТТУН “хандык” канат-куйруктарын, айрым бир укуктук напсилерин, полномочиелерин кесиш керек! Болбосо ушундай сырты парламенттик, ичи авторитардык өлүмүш-система турганда , непадам эртең дагы бир “революция” болуп кетип, мамлекеттик каналдарга (же жеке телеканалдарга деле) дене бою чылк алтындан бүткөн Илимдер,Жанарлар, Эрнистер барып, телеге “..элдик, коомдук,улуттук…” деген “эркиндик” жыттанымыш эткен макамдарды берген чакта да “оозу байланган ит көчүгү менен үрөт” дегендей таз кейип улана берет.
P.S. Суу ичкен кудугуңа түкүрбө,- деген макал бар. Бир кезде суусун ичкен, нанын жеген КТР, КООРТ(5-канал), ЭЛТР, Ош ТВ, НТС деген телеканалдардын баарынан чыгармачыл азык, тажрыйба алып анан ушунтип көптүн арасында Эрнис Кыязов болуп жүргөнүм чын. Мен айтып жаткан ачуу кыйкырык, конкреттүү инсанга же инсандарга эмес, саясатка, саясаттагы ПРЕЗИДЕНТТИК ИНСТИТУТКА гана тиешелүү.
Сөзүмдүн акырында, “Эмне үчүн НТСтен кеттиң, ким кетирди, неге кеттиң?” деген суроого, эл арасында айтыла жүргөн бир мыскылдуу икаяны мисалдатып жооп берейин. 2010-жылы “революция” болоорго бир күн калганда, бир чиновникке журналисттер суроо узатып микрофон сунуп калышат: “Кандай ойлойсуз, кырдаал курч, оппозиция жеңеби же бийликпи?” деп. Тиги чиновник саамга ойлонуп: “..ушу мен сезип турам, айтты-айтпады дээрсиңер, баары бир биздикилер жеңет го !” десе, журналисттер жабалактап “Ой,..биздикилер дегениңиз ким?” деп суроо жаадырышат. Чиновник сыймыктуу жылмайып: “Аны көрөсүңөр, биздикилер деген биздикилер!” деп басып кетет. Эртеси оппозиция жеңет, бийлик качат. Телеканалдарда жанагы чиновниктин маеги жаңырып атат,.. “Ой мен кечээ эле айтпадым беле, биздикилер жеңет деп, мына мен айткандай биздикилер жеңди!” дейт имиш.
Эми, мен деле жаш баладай оолукпай, саясый шамалдын каякка карай сокконун астыртан байкап, НТСтеги баягы алпара жүрчү “Ар тарабымды” акырын алкынтымыш этип, фейсбукка “чоң шеп” тууралуу ар кайсыны жазып “дөөдүрөбөй”, жерден бийик, чөптөн жапыз болуп кылдырап, “биздикилердин” жеңишин күтүп жүрө турсам балким НТСтеги “чыгармачылык өмүрүм” узагыраак болот беле… Бирок адам табиятыңан башкача боло албайт экенсиң, ичтеги бышып, толуп, жарылайын деп турган чындыгымды чыгарып, кичине жеңилдеп калдым, абийримдин астында. Бул тоону томкоро койгон баатырдык да эмес, коомго милдет, колко, арман да эмес, тек өз ааламыңда, өз дүйнөңдө өзүңдү эркин сезүү гана, болгону ошол…
баарыңарды терең урматтап,
Эрнис Кыязов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: