Menu

Кытай “камакка алынган мусулмандардын лагерлери” жөнүндө ушактарга көңүл бурбоого чакырды

Бөлүшүү:

Кытайдагы Синьцзян районунда камакка алынган мусулмандардын лагерлери жөнүндө ушактарга элдер көңүл бурбоосу керек. Мындай билдирүүнү Кытай эл республикасынын Тышкы иштер министри Ван И Германиялык коллегасы Хайко Маас менен болгон жолугушууда билдирген. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.

Министрдин айтымында, элдер жергиликтүү бийликтердин терроризмге каршы күрөшүүгө, экстремизмдин жоюусуна жана туруктуулукту орнотууга багытталган иштерин  туура кабыл алып, көмөк көрсөтөөрүнө ишенет.

Ван Инин айтымында, бийликтин иш аракеттери дүйнө жүзү терроризм менен күрөшүүдө колдонуп жаткан ченемдерге толугу менен жооп берет. “Эгерде биз терракттарды токтото алсак, терроризм жайылып жана бекий албайт”, – деп белгилеген дипломат.

Эске салсак, бир катар батыштын өлкөлөрү, Канада, АКШ, Франция Кытайдан СУАРдагы мусулмандарды кысымга алуусун токтотууну өтүнүшкөн. Сентябрда болсо Вашингтон бул жагдайдан улам Кытайга карата санкция киргизиши мүмкүн экендигин билдирген.

Октябрда Пекин биринчи жолу СУАРдагы машыктыруучу-окутуучу борборлор жөнүндө айтып берген. Маалыматка караганда, аталган аймакта мусулмандар көп болгондуктан, коңшу Пакистан жана Афганистандан өлкөгө экстремист-террористтер эркин кирип жаткан. Аны жоюу жана алдына алуу үчүн аталган райондо бийлик руханий жактан өсүүгө, ден соолукту чыңдоого, ой сезимди тазалоого жардам берген борборлорду ачкан. Ал борборлордо калк  тарбия, насаат, ошондой эле мамлекеттик кытай тилин үйрөнүшөт.

СУАР- Синьцзянь уйгур автономдук району- аталган аймакта мусулман уйгурлар отурукташкан.

Бир нече жылдан бери бул аймактын жашоочулары Кытайдын бийлиги тарабынан кысымга алынып, укуктары бузулууда деген маалыматтар ММК булактарында чыгып келген, интернетте болсо “21-кылымдын холокостун токтотуу жөнүндө петиция” аттуу кыймылдар пайда болгон. Алар жарандардан кол топтоп, бийликке кайрылуу жасоону көздөйт.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети СУАРда мусулмандар кысымга алынып, кытай тилин окууга мажбур болуп жаткандыгы тууралуу далилдер өтө көп экендигин билдирген.

Ага жооп катары Кытай тарап экстремизм жана терроризмди алдына алуу үчүн мусулман калкын көзөмөл алдында калтыраарын билдирген.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: