Menu

Жарандардан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар тапшырылууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын 21-сентябрында Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларды жүргүзүү учурунда болжол менен саат 9:30 чамасында Бишкек шаарынын Москва көчөсүнөн 35 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, текшерүү учурунда жанынан ПМ-9 мм тапанчасы менен 12 даана ок дарысы табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошондой эле 2017- жылдын 21-сентярбь күнү милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан мыйзамсыз сакталган ИЖ-16 үлгүсүндөгү 7,62-калибрдеги 7 даана огу менен куралын алышкан.

Ал эми, Аксы районунун милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун чоң атасынан калган ИЖ-үлгүсүндөгү 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралдын стволун өз ыктыяры менен тапшырса, Ысык-Ата районунун жашоочусу өзүнүн 16-калибрдеги кош ооздуу мылтыгын милиция кызматына өткөрүп берген.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: