Жогорку соттун судьялыгына сунушталып, талапкерлиги колдоого алынган Жаңыл Мамбеталынын уулуна кьшмыш иши козголгону белгилүү болду. 2013-жылдын апрелинде АКС кызмат абалынан кыянат пайдалануу кинеси менен Каржы полициясынын кызматкерин кармашкан. Пара талап кылууга шектелген Бектур Маматаиров Свердлов райондук сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталынын улуу баласы болуп чыккан. Маалыматтарда ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу кызматы үчүн ишкерден 6 миң доллар пара талап кылгандыгы айтылат. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Б.Маматаиров ишкердин жактоочусунан 115 миң сом жана 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Факты боюнча Башкы прокуратура Кьшмыш кодексинин 313- (“Пара талап кылуу”) жана 313-2-беренелери (“Парага ортомчулук кылуу”) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Бирок түшүнүксүз себептер менен кийинчерээк Башкы прокуратура ишти кыскартып, Бектур Маматаировду бошоткон. Эми кимдин таасири менен иш кыскарганы сокурга дагы дайын болуп турбайбы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ