Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берди.
Пресс-конференциянын жүрүшүндө “Райымбек Матраимовдун мурдагы кадры Эмил Кимсанов Улан Ниязбеков экөө тыгыз байланышта экенин билдирди. Бүгүн сиз Улан Ниязбековду ИИМдин жетекчиси кылып дайындадыңыз. Буга комментарий бере аласызбы?” деген суроо узатылды.
“Улан Ниязбеков ИИМдин системасында 15 жылдан бери иштеп жүргөн жаш кадр. Мен ошон үчүн тандадым. Бирок, өздүк курамга тааныштырып жатканда, “өзүнүн ишин көрсөтө алса калат, болбосо алмаштырабыз” деп айткам. Анан Матраимовдун, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кадры дегенди мындан ары унуталы. Эгерде жакшы адис болсо, мейли кимдин кадры болбосун, билимдүү, жаш кадрларды сеники, меники дебестен кызматка коюш керек. Кечээ күнү Жээнбековдун кадры болсо, бүгүн меники боло берет. Эртең менин ордума башка бирөө келсе, менин кадрларым аныкы болуп кала берет. Бардыгыбыз кыргызстандыкпыз, ошондуктан бөлүнбөйлү.
Анын Райымбек Матраимов менен болгон байланышы сизге дагы көлөкө түшүрүп жаткан жокпу?
“Райымбек Матраимов менен мамлекетибиздин 90%ы бири-бири менен байланыш экен. Анда 10% эле тандап, калган 90%ын четке кагып салбайлыбы? Кимдин гана кадры болбосун, эгерде билимдүү адис болсо иштеши керек. Эгерде Матраимов менен байланышын улантып, коррупциялык иштерге аралашып мамлекетке зыян келтирген болсо, анда жазасын колуна беребиз”, – деп жооп берди премьер-министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ