Menu

Европа Биримдиги Кыргызстандын социалдык коргоо секторун колдоо боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-январда Бишкекте Европа Биримдигинин «Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча контракттын ишке ашырылышын техникалык колдоо, Кыргызстан» жаңы долбоорунун башталышына арналган тегерек стол өттү. Долбоорду Oxford Policy Management (Улуу Британия) консалтинг компаниясыны эки жылдын ичинде аткарат. Долбоордун бюджети 1 миллион 820 миң еврону түзөт.

Долбоордун жалпы максаты – калктын социалдык коргоо (анын ичинде балдарды коргоо) жана мамлекеттик акча-каражат башкаруу тармактарын реформалоо боюнча мамлекеттик саясатты колдоо. Ошондой эле, долбоор 2016-жылы республика тарабынан ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европа Биримдиги ортосунда бюджеттик колдоо жөнүндө финансылык макулдашуунун шарттарын аткарууга көмөк көрсөтөт. Макулдашуу боюнча  2015-2017-жылдары бюджеттик колдоо программасынын алкагында ЕБ Кыргызстанга 30 млн евро бөлүп берет. 4,25 млн евро 2016-жылы төлөнүп берилген.

Тегерек столдо долбоордун эксперттери эки жылдык негизги милдеттер тууралуу айтып беришти. Алар КРнын өкмөтүнүн жана жарандык коомдун жакырчылыкты азайтуу, социалдык адилеттүүлүктү колдоо, жарандардын аяр катмарлары үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн майнаптуу тутумун өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик акчаларды пайдалануунун отчеттуулугунун жана ачыктыктыгынын механизмдерин күчөтүү боюнча чараларын колдоону өзүнө камтыйт. Техникалык жардам тренингдер жана мамлекеттик кызматчылардын дараметин күчөтүү боюнча башка окутуучу иш-чаралар түрүндө көрсөтүлөт. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер окутууну эки багыт боюнча алып барышат. Биринчиси чечимдерди балдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн кабыл алууга жана кызматкерлерди окутууга басым жасоо менен социалдык коргоого тийиштүү. Балдарды коргоо тармагы ата-энесинин камкорчулугу жок калган балдар интернатка жөнөтүүсүз социалдык кызматтарды ала тургандай болуп иштеши керек.

Тренингдердин экинчи багыты – мамлекеттик акча-каражатты башкаруу. Профилдик кызматкерлерди окутуу аркылуу тышкы аудитти өткөрүүнү пландаштыруунун жана көзөмөлдүн деңгээлин жогорулатууга жетишүү, ички аудит жана финансылык контроль жол-жоболорун өркүндөтүү пландаштырылып жатат.

Белгиленген эки багыт боюнча тең бенефициарлар Европа өлкөлөрүндө окутуу сапарлар аркылуу алдыңкы тажрыйба менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Тегерек столдо долбоордун презентациясынан тышкары бюджеттик колдоо программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Европа Биримдигинин ортосундагы андан аркы кызматташтык талкууланды.

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, Билим жана илим министрлиги, Каржы министрлиги, Эсептөө палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Стенбек Мадсен катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: