“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Бишкекти эскилиги жеткен үйлөрдөн тазалоо боюнча мыйзамы чоң чуу жаратты. Активисттер “Текебаев бул мыйзам аркылуу шаардын борборундагы жерлерди элден арзан баада алып, курулуш компанияларына сатып, ортодон акча жасоо аракетин көрүп жатат” деп айыпташууда. Ал эми Текебаев шаардагы жапырайган тамдардын ордуна заманбап үлгүдөгү чоң имараттар курулуп калсын деп жан үрөп жатканын айтып, актанып жатат. Ага ишенбеген шаардыктар “мыйзамыңды кайрып албасаң көргүлүктү көрөсүн” деп, аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча кол топтой башташканы белгилүү болду. Активисттер саналуу күндөрдө он миң эмес, жүз миңден ашуун кол топтоого кудурети жете тургандыгын айтышууда. Эгер алар айтканына турса, анда Текебаевди өзү жазган мыйзам менен мыйзамдуу түрдө мандатынан ажыратып коёру ажеп эмес.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ