Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев элди чагымчылдыкка алдырбоого үндөп, мамлекетке тынчтык керек экенин белгиледи.
Ал социалдык тармакта анын агасы Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришкенин билдирди.
“Урматтуу кыргыз элим! Учурда мени эч ким, эч жакка кармап кеткен жок. Буга чейинки тараган маалымат боюнча айтсам, бир тууган агам Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришти.
Эч кандай провокацияга алдырбаңыздар! Азыр мамлекетибизге тынчтык керек!” – дейт Сейтек Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ