Президент Атамбаев орусиялыктарга Ысык-Көлгө дача курууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Анда жазылгандай, Россиянын федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушууда кыргыз президенти: «Мен орусиялык досторума, саясаттагы салмактууларга Ысык-Көлгө дача куруп, бизге тез-тез каттап турушун каалайт элем», – деди.
Ал ошондой эле Россиянын Кыргызстанга жасаган жардамына ыраазычылыгын билдирген.
Президент Ысык-Көл ансыз да эс алуу жайларына, байлардын коттедждерине толуп, жергиликтүү калк там салаарга жер таппай калганын билбейт окшойт.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ