Menu

Видео – Тажикстанда диний партиянын имараты саймачыларга берилди

Бөлүшүү:

Куляб шаарынын бийлиги Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын шаардагы имаратын “Чакан” компаниясына жеке менчикке берди. Имарат эки жылдан бери жабык турган.

“Чакан” компаниясынын башчысы Зариф Валиев билдиргендей, жаңы жайга жабдууларды орноткондон кийин иш башталат. Эки ай мурун Куляб мэриясы Маданият жана эс алуу паркында жайгашкан компаниянын имаратын түрттүрүп салып, анын ордуна флагшток орнотуп койгон.

Зариф Валиевдин айтымында, бийлик мурда эле диний партиянын кеңсесин берүүнү убадалаган. Аткаминерлер сөзүнө турду, эми компаниянын кызматкерлери, негизинен аялдар өз ишмердүүлүгүн баштайт.

Имарат бекер берилген жок. “Чакан” аны аукцион аркылуу сатып алды. Себеби мурдагы имараты түрттүрүлгөнү үчүн компания компенсация иретинде 300 миң сомони алган. Валиевдин айтымында, 2003-жылы имаратты куруп жатканда ал ушунча каражат короткон.

«Чакан» – Тажикстандагы улуттук стилде сайма сайган жалгыз компания. Жыл башында ЮНЕСКО тажик саймасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: