Өткөн жума соңунда Аксы районунун Сөгөт айылынын карамагындагы 2,5 гектар жерди Өзбекстандын чек арачылары басып алганы тууралуу маалымат тараган. Анда 30-июнь күнү өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, кыргыз жарандары пайдаланып, тоют чөп өстүргөн жерди ээлеп алышканы айтылган.
Ал эми бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы четке кагып, өзбек чек арачылары эч кандай жерди басып албаганын, аймакта абал тынч экенин айткан.
Видео: “Азаттык”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ