Menu

Видео – Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун адвокатынын кайрылуусун президентке өз колум менен бердим”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-март күнү Ала-Тоо аянтында саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотуу талабын коюшуп, тынчтык митингин өткөрүп жатышат.

Митингдин мадератору профессор Каныбек Осмоналиев чогулган элге кайрылып, маданияттуулукка чакырып өттү.

Элдик жыйынга мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева катышты. Мурдагы депутат айым бүгүн өздүк майрамын белгилеп жаткан учуру. Ал туулган күнү менен президент дагы куттуктаганын айтып, өлкө башчыга жолугуп чыкканын айтты.

Жылдызкан Жолдошева Садыр Жапаровдун агасы, адвокаты менен жолукканын айтып, жактоочусунун кайрылуу катын президентке бергенин билдирди.

“Бүгүн туулган Азыр мен адвокаттын кайрылуусун Сооронбай Шариповичке өз колум менен бердим. Президент кайрылууну, ошонун алдына тиркелген бардык материалдарды өз колу менен алып, тиешелүү органдарга бере турганын айтты” – деди Жылдызкан Жолдошева.

Муну менен катар Жылдызкан Жолдошева: “Садыр Жапаровдун маселеси мыйзам чегинде чечилип, акталып, боштондукка чыгышын каалайм” – деп кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: