Menu

Сариев добуш топтоо үчүн Келдибеков менен тандемге барганы жатыптыр

Бөлүшүү:

«Чабал өрдөк мурда учат» демекчи, элдин эң алды болуп президенттик шайлоого «Ак Шумкар» партиясынын атынан экс-өкмөт башчы Темир Сариев аттанганы белгилүү. Турникке тартынганын, топ тепкенин пиар кылып эле басып жүрчү Темикебиз, кечээ жакында торттун үстүнө фигурасын «каймак» менен түшүрүп, дагы бир жолу өзүнүн дараметин көргөздү. «Укмуштай таттуу турбайбы» деп тамшанып жеп коюшту чогулгандар. Эми ошол Темикебиз өзүнүн дараметине толук ишене албай калган экен, өлкөбүздүн түштүк аймагынан добуш топтоо үчүн Акматбек Келдибеков менен тандемге барганы жатыптыр. Ал тандемге ылайык, шайлоодон жеңишке жетише турган болсо өзү президент, ал эми А.Келдибековду премьер-министрлик кызматка алып барат экен. Албетте, тандемдеше берсин, ага эч кимдин ичи деле тыз дебейт, болгону «коррупциянын символу» атыккан Келдибековго күнү түшүп турган Сариевге жаны ачыгандар арбын. Экинчи жагынан «Өзү деле коррупциядан куру эмес да, Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна байланыштуу тендерден пайда көргүсү келгени жалганбы?» – дегендер да бар. Айтор, бири кары-картаңдардын пенсиясынан, жаш балдардын пособиясынан өзүнө хан сарайларды, кымбат баалуу автоунааларды, ток этерин айтканда байгерчилик жашоону түптөп алган болсо, экинчиси иш кылбай эле топ тээп, турникке тартынып, анан ошонусуна мактанып, ал эми көшөгө артында тендерлер аркылуу миллиондорду жасап көнгөн шылуун биригип жеңишке жетишсе, анда мамлекетибиздин келечеги кантээр экен?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: