Башынан оош-кыйыш көп өткөн Ахматбек Келдибековду бийликчил ММКлар кандай гана шыбаган жок? Албетте, биз андай деңгээлге түшпөйбүз, бирок, анын саясый оюндарын, кыймыл аракеттерин сындоого акыбыз бар. Себеби, Ахмат мырза чоң саясатчы катары кааласак-каалабасак да аренага чыгып алган. Артыкчылыктары, ошого жараша кемчиликтери да толтура. Бул оён күрөшчүл, кекчил, ыңгайы келгенде душмандарын тебелеп салгандан кайра тартпайт. Келдибеков кызматка келип калса, эң биринчи өч алуу менен ишин баштайт. Анын камалганы жалпысынан саясый негизде болгон. Ушул жагынан эсептешет. Кимдерди эзе турганы бизге белгилүү, аттарын атаганда не? Кээде турмуш кызык да, сага жакпаган адамдардын душманы да сенин душманың болуп калат… Логикалуу жагдай…
Эми Ахмат акенин соңку жүрүштөрүнө келсек, ал учурда президенттик шайлоого жеке өзү чыкпай турганы, бирок бийликкке келе турган талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын эшиттик. Бир чечимге келе албай атат. Аныгында, саксына берсе, поезд кетип калат эмеспи. Жыйынтыгында, Темир Сариевди колдосо кайпактабай эле келип кошулуп, кыргыз элинин туусун көтөрүүгө салым кошпойбу? Бүгүн келбесе, эртең кеч болот. Улуттук лидерге айланчудай болуп турган Темикени көтөрүп чыкса, түштүк регионун колго алса, ким билет, эртең Келдибеков кайрадан спикер же өкмөт башы да болуп калышы ажеп эмес.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ