Жүргүнчү ташыган кичиавтобустун айдоочусу Кызыл-Кыя шаарында жөө кишини атайын сүзгөн. Бул тууралуу Баткен ОИИББнын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Белгиленгендей, 25-сентябрда саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарында Масалиев “Mercedes-Benz-Sprinter” унаасынын айдоочусу Кадамжай шаарынын 28 жаштагы тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Эмне себептен атайылап сүзгөнү белгисиз.
Бул факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Автотранспорт каражаттарынын коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери боюнча иш козголгон.
Айдоочунун өздүгү такталып, милиция кызматкерлери издеп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ