Menu

Депутат Акылбек Жапаров демилгеси үчүн күч структураларынын ардагерлеринен кечирим сурады

Бөлүшүү:

Депутат Акылбек Жапаров демилгеси үчүн күч структураларынын ардагерлеринен кечирим сурады.

Буга чейин Жапаров Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин караган жыйында 2021-жыл татаал болоорун, ошондуктан бир катар реформалар жүргүзүлүшү керектигин айткан. Укук коргоо кызматкерлеринин пенсиясына үстөк акыларды алып салууну сунуш кылган.

Жапаровдун айтымында, укук коргоо кызматкерлери эрте пенсияга чыгышат жана башка кызматтарда иштешет, ошентип айлыкты дагы, аскердик пенсияны дагы алышат.

Белгилей кетсек, бул сунушту Иса Өмүркулов былтыр айткан.

Жапаровдун демилгеси менен күч структураларынын жана атайын кызматтардын ардагерлери нааразы болушкан. Тегерек столдо алар нааразычылыктарын билдиришти. Натыйжада Жапаров кечирим суроого аргасыз болгон.

“Урматтуу Кыргызстандыктар, күн сайын билип-билбей калган жумуштарыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Мен куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин өкүлдөрү жана жетекчилери менен жолугуп, кечирим сурап келдим. Эгерде туура эмес сүйлөп алсам, туура эмес оюмду түшүндүрүп алсам кечирим сурайм,” – деди Акылбек Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: