Menu

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңеш делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын жыйындарына катышуу үчүн Россияга учуп кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-мартта Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Россия Федерациясына (Санкт-Петербург шаары) учуп кетти. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын алкагында Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир катар жолугушууларды өткөрөт. Тагыраагы, Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Федералдык Жыйындагы Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Кристин Муттонен жана башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен жолугары күтүлүүдө.

Ошондой эле Жогорку Кеӊеш делегациясы КМШ ПАА менен ЖККУ ПАнын жыйындарына жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча өткөрүлө турган парламенттик конференцияга катышат.

Кошумчалай кетсек, парламенттик делегациянын иш сапары 29-мартта чейин созулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: